Кыргызстан жана Түштүк Корея акылдуу айылдардын технологиясын киргизүү жана ирригацияны модернизациялоо боюнча макулдашты27-январь: Айрым аймактарга кар жаайтКыргызстандын бийлиги университеттердеги келишим бааларына мамлекеттик көзөмөлдү кайтарууну талкуулоодоБишкек абанын булгануу деңгээли боюнча 66-орунду ээледиМилиция ЖК депутаты мурдагы аялын сабап келгени айтылган билдирүү боюнча маалымат бердиАла-Букада жаш үй-бүлө иске ууланып каза тапты
Улуттук банк 28-апрелге карата валюталар курсун жарыялады
27.04.2022 | 17:55
Кыргызстандын Улуттук банкы 28-апрелге карата чет өлкө валюталарынын сомго карата расмий курсун жарыялады. Бул тууралуу маалымат борбордук банктын сайтында жарыяланды.
Андагы маалыматтарга караганда, сом өнөктөш өлкөлөрдүн негизги валюталарына карата бекемделди. Баарынан да теңгеге карата 1,22%га же 0,1855 сомго бекемделген, ал эми евро 0,94%га төмөндөп, бир евро 89,0939 сомду түздү.
АКШ долларына карата 0,08%га жогорулап, бир доллар 84,1302 сомду түздү. Орус рубли сомго карата 0,61%га төмөндөп, рубль 1,1242 сомго бааланды.
Белгилей кетсек, кечээ бир доллар 84,1975 сомду, евро 89,9398 сомду, рубль 1,1311 сомду жана теңге 0,1878 сомду түзүп жаткан.

Рубрики: Жаңылыктар, Экономика