Майдагы майрамдар учурунда милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өтүшөт. Бул туурасында Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка караганда, 30-апрелден 10-майына чейин кызмат өтөөнүн күчөтүлгөн тартибине өтүшөт. Май айындагы майрамдарды өткөрүүгө даярдык көрүү мезгилинде милиция кызматкерлери тарабынан коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыздоо, республиканын аймагында мүмкүн болгон укукка каршы аракеттердин алдын алуу боюнча уюштуруу жана алдын алуу иш-чараларынын комплекси өткөрүлөт.
Жарандардын коопсуз эс алуусу үчүн бардык зарыл чараларды көрөт. Милиция кызматкерлери мыйзам чегинде иш алып барууга, жарандардын укуктарын коргоого, укук бузуулар аныкталган учурда ээлеген кызматына жана абалына карабастан ар бир адамды жоопкерчиликке тартууга
милдеттүү.
Мындан тышкары, жол кайгуул кызматкерлери жол кыймылынын эрежелерин сактоого көзөмөлдү күчөтүшөт. Мас абалындагы айдоочуларга же айдоочулук күбөлүгү жок транспорт каражаттарын башкаруучуларга көбүрөөк көңүл бурулат.
“Урматтуу жарандар, милициянын коопсуздук чараларын түшүнүү менен кабыл алууңузду, белгиленген тартипти сактоону, колдонуудагы мыйзамдарды бузууга жол бербөөнү суранабыз.
Шектүү жарандарды байкаган же ээсиз буюмдар табылган учурда бул тууралуу ички иштер органдарына 102 телефону боюнча токтоосуз маалымдоону өтүнөбүз. Милиция кызматкерлери Кыргызстандын жашоочулары үчүн май айындагы майрамдарды кырсыксыз өткөрүү үчүн бардык чараларды көрүшөт!”- айтылат билдирүүдө.