«Бизди эч ким сындыра албайт» — Садыр Жапаров «Бишкек Аренанын» ачылышында«Бишкек Аренада» стадиондун ачылышына арналган масштабдуу концерт башталдыЖаңы Зеландияда дүйнөдөгү эң оор курт-кумурсканы жок болуп кетүүдөн сактап калышты2026-жылдагы медицина боюнча Нобель сыйлыгы оптогенетиканы жаратканы үчүн ыйгарылдыКыргызстандагы ар бир мектепке ИИМдин жетекчилик курамынан кызматкер бекитилдиКыргызстандын кайсы банкы эң көп насыя берген
Жалпы республикалык тестирлөөнүн күндөрү белгиленди
30.04.2022 | 13:04
Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев койгон тиешелүү буйрукка ылайык, 2022-жылы абитуриенттер үчүн Жалпы республикалык тестирлөө төмөнкү мөөнөттөрдө өткөрүлөт.
I этап: 2022-жылдын 24, 25-майында (23-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
II этап: 2022-жылдын 27, 28-майында (26-май – тест борборлорун даярдоо күнү);
III этап 2022-жылдын 24, 25-июнунда (23-июнь – тест борборлорун даярдоо күнү).
Соңку III этапта жүйөлүү себептер менен тест тапшырбай калган абитуриенттер үчүн мөөнөтү жылдырылган тестирлөө өткөрүлөт.
Каттоого жетишпей калган абитуриенттер үчүн 2022-жылдын 23, 26-майда жана 23-июнда тесттик борборлордо кошумча каттоолор жүргүзүлөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар