Кыргызстанда күйүүчү майдын жетишсиздиги көйгөйү жок экени айтылдыЖККУ кибермейкиндиктеги «Прокси» менен күрөшүүнү көздөйтКытайдын Синьцзян-Уйгур автономдук району ШКУ өлкөлөрү менен практикалык өз ара аракеттенүүнү кеңейтүүнү көздөйтӨкмөт башчы Бишкек жана Чүйдөгү ооруканаларды текшерип, бир катар көйгөйлөрдү аныктадыОштогу Ак-Буура дарыясынын жээгине веложол, сейил бактар курулатБаткен жана Нарын облустарында айыл чарба өсүмдүктөрүнүн жаңы сорттору сыноодон өтүүдө
Мамкурулуштун Баткен облусу боюнча башкармалыгынын инспектору тергөөчүгө пара берип кармалды
01.05.2022 | 11:24
УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин көзөмөлдөө жана облустук башкармалыгынын инспекторун пара менен кармашты. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз борбору билдирди.
Инспектор Баткен облустук прокуратурасынын тергөө бөлүмүнүн тергөөчүсүнө 20 миң сом өлчөмүндө пара берип жаткан жеринен кармалган.
Аталган адам акчаны «Бекем-Курулуш» ЖЧКсына карата процессуалдык чараларды көрбөгөндүгү үчүн улук инспектор кесиптешинин арызы менен бергени аныкталган.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар