Садыр Жапаров бүгүн Москвада Владимир Путин менен жолугушатКуткаруучулар апрелдин башында БЧКга кулап кеткен кишинин сөөгүн табыштыКыргызстан менен Кытай жогорку технологиялык өндүрүштөрдү ишке киргизүү жана инженерлерди окутуу боюнча макулдаштыКыргызстан түштүк кореялык LNC Elecom менен жогорку технологиялар жаатында кызматташатКыргызстанда эт төрт айдын ичинде орточо эсеп менен 6%га кымбаттадыЭльвира Сурабалдиева Кыргызстанга деңиз кодекси эмне үчүн керек экенин түшүндүрдү
Кыргыз-өзбек делегаттары чек ара маселесин сүйлөштү
08.05.2022 | 10:11
5-7-май күндөрү Бишкек шаарында Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторунун кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоону уюштуруу жана укуктук маселелерин макулдашуу боюнча жолугушуусу болуп өттү. Бул туурасында Министрлер кабинетинен билдиришти.
Маалыматка караганда, тараптар кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын демаркациялоо процессин жөнгө салуучу ченемдик-техникалык документтердин долбоорлорун талкуулап, макулдашышты.
Жолугушуу достук жана өз ара түшүнүшүү маанайында өттү. Иш-чаранын жыйынтыгында Протоколго кол коюлду. Кийинки жолугушуу Өзбекстанда өтөт.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат