Дача-СУ окуясы боюнча коомдук комиссия түзүлөт

Дача-СУ окуясы боюнча коомдук комиссия түзүлөт

Президент Садыр Жапаров Дача-Су окуясы жакшы иликтенбей жатканын сынга алып, атайын коомдук комиссия түзүлөөрүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

«Урматтуу кыргызстандыктар!

Эл койгон негизги талаптардын сап башында «Ош окуясы менен Дача-СУ окуясын иликтеп, аягына чыгарып бергиле» деген талап болгон. Ош окуясын иликтөө аяктап калды деп маалымат беришти. Жакында иш сотко кетет экен. Ал эми Дача-СУ окуясы боюнча иш абдан начар, жай жылып жатат. «Иликтеген тергөөчүлөр мурда дагы иликтеген, балким көп нерселерди жашырып коюп жатышабы» деген маалымат беришти. Ошондуктан, коомдук комиссия түзүү чечимин кабыл алдым. Жакында тескеме чыгат. Активдүү жарандарыбызды, иликтөөчү журналисттерибизди, өкмөттүк эмес уюмдардан өкүлдөрдү дагы чакырабыз. Иликтөөгө мамлекет тараптан ар тараптуу жардамдар көрсөтүлөт. Тергөө тобундагы кагаздар менен таанышуу мүмкүнчүлүгүн түзүп беребиз.

Каалоочулар болсо Администрациянын укуктук жактан камсыздоо башкармалыгынын башчысы менен байланышыңыздар — Мурат Укушов (0312 625026)»- деди президент.

Чүйдөгү «Манас» эл аралык аба майданынын жанындагы Дача-СУ  калктуу конушунда 2017-жылы 16-январ күнү Гонконгдон Стамбулду көздөй бараткан түркиялык АСТ Airlines компаниясына таандык Boeing үлгүсүндөгү жүк ташыган учак  кыйраган. Кырсыктан  35 жергиликтүү тургун, алардын ичинен 17 бала жана төрт учкуч каза болгон.  57 адам дайынсыз жоголуп, алардын он тогузу ушул күнгө чейин табыла элек.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>