УКМКнын ДНК-лабораториясы бир жыл ичинде 40ка жакын экспертиза жүргүзгөнMKassa жаңы кардарлар үчүн «Үч миллионго нөл» акциясын ишке киргиздиКыргызстанга электрондук тамекилерди ташып келүүгө тыюу салуу дагы жарым жылга узартылатКыргызстандык опера ырчысы Эльнура Муктарбек Москвада эл аралык Bravo сыйлыгына ээ болдуБишкекте 2 млн бир жылдык гүл отургузуу иштери башталдыКаржы министрлиги «Электрондук аудитке» өттү: текшерүүлөр аралыктан жана автоматтык түрдө жүргүзүлөт
Короодогу ээр токумчан атты мине качкан киши кармалды
10.05.2022 | 12:46
Чүй облусунун Кемин районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул туурасында Чүй обустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-май күнү Кемин райондук милицияга 33 жаштагы К.С. арыз менен кайрылган. Өз арызында, 2022-жылдын 7-майында короодогу атын ээр токуму менен жашыруун уурдап кеткен белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчүн айткан.
Бул факт Кемин райондук милициянын маалыматтардын электрондук журналына катталган.
Милиция тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектүү делип 20 жаштагы А.Ы. кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Учурда уурдалган ат ээсине кайтарылды. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар