Базар-Коргондо таштанды полигонунун экологиялык паспортунун мөөнөтүн узартпаганы үчүн айыл өкмөтүнө айып салындыЖалал-Абаддын Кербен шаарын айланып өтүүчү жаңы унаа жолу салынуудаКыргыз улуттук драма театрынын 100 жылдыгына карата атайын мастер-класстар өтөтТажрыйба алмашуу, каттамдарды өнүктүрүү: «Манас» жана «TRIWO Hahn» аэропорттору кызматташатБорбордук Азиядагы жер көчкүлөрдүн зыяны 3,59 млрд долларга жетиши мүмкүн — ЕАӨБАкчаны алдамчылар уурдап кеткиче, бул постту ата-энеңизге жөнөтүңүз
Короодогу ээр токумчан атты мине качкан киши кармалды
10.05.2022 | 12:46
Чүй облусунун Кемин районунда уурулукка шектелген жаран кармалды. Бул туурасында Чүй обустук милициядан билдиришти.
Маалыматка караганда, 7-май күнү Кемин райондук милицияга 33 жаштагы К.С. арыз менен кайрылган. Өз арызында, 2022-жылдын 7-майында короодогу атын ээр токуму менен жашыруун уурдап кеткен белгисиз адамга чара көрүү өтүнүчүн айткан.
Бул факт Кемин райондук милициянын маалыматтардын электрондук журналына катталган.
Милиция тарабынан көрүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын жүрүшүндө, бул кылмышка шектүү делип 20 жаштагы А.Ы. кармалып, милиция бөлүмүнө жеткирилген.
Учурда уурдалган ат ээсине кайтарылды. Сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.

Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар