Борбор Азиядагы ардагерлер 9-майда канчадан сыйлык алышты? Тизме

Борбор Азиядагы ардагерлер 9-майда канчадан сыйлык алышты? Тизме

Улуу Жеңиш майрамына карата Кыргызстанда, Өзбекстанда, Тажикстанда жана Казакстанда ардагерлерге бир жолу төлөнө турчу акчалай сыйлыктын көлөмү аныктады, деп жазат Фергана басылмасы.

Өзбекстан

Өзбекстанда согуштун ардагерлерине, Ленинград блокадасынын катышуучуларына 15 млн сум (1339 доллар) берилди. Чиновниктерге ар бир ардагерге барып, каражатты салтанаттуу тапшыруу милдеттендирилген. Ошондой эле ооруктун жумушчуларына 10 миң сомдон тапшырылды.

Өзбекстанда учурда Улуу Ата Мекендик согуштун 236 катышуучусу бар.

 

Казакстан

Казакстанда ардагерлерге берилчү каражаттын өлчөмү анын жашаган жерине жана статусуна жараша болот. Мисалы, Нур-Султан жана Алмата шаарында жашаган ардагерлер 1 млн тенге (2229 доллар) алса, Актобеде жашаган согуштун катышуучулары 2 млн тенге (4459 доллар) алышты.

2022-жылдын 1-апрелине карата Казакстанда  387 ардагер бар.

Тажикстан

Тажикстанда дагы ардагерлерге берилчү төлөмдүн көлөмү аймактарга жараша бөлүнөт. Мисалы, Дүйшөмбү шаарында согуштун ардагерлери 3000 сомони (240 доллар), ооруктун эмгекчилери, Ооган согушунун катышуучулары 800 сомониден (64 доллардан) алышты. Согдий облусунда ардагерлерге, оорукта иштегендерге, ардагерлердин жесирлерине 6000 сомониден (480 доллар) берилди.

Тажикстанда учурда 59 ардагер жашайт.

Кыргызстан  

Кыргызстанда Улуу Ата Мекендик согуштун ардагерлерине берилчү төлөмдүн өлчөмү 100 миң сомду (1209 доллар) түздү. Мындан тышкары ардагерлерге 9-майга карата жыл сайын берилүүчү кошумча 20 миң сомдон (242 доллар) тапшырылды.

2022-жылдын 1-февралына карата алынган маалымат боюнча Кыргызстандагы ардагерлердин жалпы саны 107 адамды түздү.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>