25-декабрга карата аба ырайыБишкек абанын булганышы боюнча 35-орунду ээледиОрусияда жол кырсыгынан 3 кыргызстандык каза тапты. Алардын бири 2 жашта болгонКыргызстан 5 гигаваттык күн жана шамал станцияларын курууну макулдаштыБайсалов: Окуу жайларда мамлекеттик тилге басым жасалат, бирок улуттук азчылыктарга эне тилин окутуу сакталат2026-жылы Кыргызстанда инвесторлор үчүн электрондук «бирдиктүү терезе» ишке киргизилет
Жалал-Абад: Терек-Сайда сел жүрдү
11.05.2022 | 11:23
Кечээ, 10-май күнү саат 14:20 чамасында катуу жааган жамгырдын кесепетинен улам коктуу колотон чогулган суудан сел жүрүп, Жалал-Абаддын Терек-Сай айыл өкмөтүнүн 1 турак үйдүн ичине сел суу кирген, андан сырткары 6 турак үйдүн короосуна шагыл-таштар үйүлүп, 1 ички чарбалык көпүрө жараксыз абалга келген.
ӨКМнен 9 кызматкер, Терек-Сай айыл өкмөтүнөн 1 жүктөгүч, ЖЧК “Эти Бакыр” фирмасынан 1 экскаватор, жергиликтүү тургундардан 10 киши тартылып, техниканын жардамында селдин кесепетин жоюу иштери жүргөн.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом