Дүйнөдөгү учуучу унаалар жөнүндө кызыктар (ВИДЕО)

Дүйнөдөгү учуучу унаалар жөнүндө кызыктар (ВИДЕО)

Дүйнөдө учуучу унаалар трендге айланууда. Бир катар өлкөлөрдө унаалар кадимкидей учуп, алтургай таксилер пайда боло баштады. Auto news сайтынын маалыматына караганда, дагы бир канча өлкө ушул жаатта алгылыктуу иш алып барып, опол тоодой максаттарды койгонун жазды. Анда эмесе учуучу автоунаалар дүйнөсүнө бир сүңгүйлү…

Auto news келечектеги унааларды иштеп чыгууну кайсы өндүрүүчүлөр кайда, кантип колдонууларын, канча ылдамдыкта канча уча аларын жарыялады.
Дүйөдөгү эң атактуу авто өндүрүүчү компаниялардын бири Hyndai Motor Group да учуучу унааларды иштеп чыга баштады. Ал «Келечектин мобилдүүлүгү» концепциясын андан ары өнктүрүү үчүн жаңы Supernal компаниясын түзөөрүн жарыялады.

Жаңы түзүлүп жаткан Supernal-коммерциялык транспорт провайдери болуп саналат. Кореялыктар учуучу таксилерди 2028-жылы ишке киргизүүнү пландоодо. Бул компаниянын негизги артыкчылыгы катары бардык колдонуучуларга ыңгайлуулукту жаратат. Маселен, мобилдик тиркеме аркылуу жүргүнчү учуучу таксини чакыра алат жана акчасын ошол замат төлөй алат.

Supernal алгачкы учагын электр кыймылдаткычы менен жабдыйт. Унаанын ылдамдыгы саатына 290 км чейин жетет жана 100 км чейинки аралыкты басып өтөт. Бирок, Hyndai Motor Group учуучу унааларды чыгарган жалгыз өндүрүүчу эмес.

Учуучу таксилер Москвада 2023-2025-жылдар аралыгында чыгат

Hover дрон такси фирмасы Москвадагы жеке сервисин 1-2 жылдын ичинде ачууну пландаштырып жатат. Компанияда учуучу унааларды иштеп чыгуу 2019-жылы башталган. Ал дрон бортуна 5 киши алып (жалпы 300кг чейин) 150 метр бийиктикке көтөрө алат. Саатына 200 км чейин басып өтөт. Батареясы 20 мүнөткө жетет. Мындай учуу километрине 200 рублды түзүшү мүмкүн.

Японияда учуучу таксилер сыналганы турат

Немис Volocopter компаниясы 2023-жылы Японияда вертикалдуу учуп-конуучу Volocity аба таксисин сынаганы жатат. Бул моделдин негизги артыкчылыгы учуп-конуу тилкесин куруу зарылдыгы жоктугунда.

XPeng тартыла турган винттери бар учуучу машинени ишке киргизди

Бул компания кээ бир олуттуу атаандаштарын ашып түшүүдө. Буга чейин “НТ Aero”- деп аталган үлгүсүн жарыялаган. Ал жолдо да, абада да жүрө алат. Кийинки сериялуу өндүрүшүн 2024-жылы баштоонуу көздөп жатат.

Klein Vision компаниясынын алгачкы учуучу автосу иштей баштады

Словакиялык Klein Vision компаниясы 2021-жылы жайында «учуучу унаада шаар аралык алгачкы учушун» ишке ашырды. Ал унаа “Aircar” деп аталат. Машина абада 35 мүнөт жүрүп, 85 км жол басты , Нитр шаарынан Братиславка чейин жетти. Сыноолор ийгиликтүү өттү.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>