Интернеттен маңзат сатуу каналдарын түзгөндөр кармалды (ВИДЕО)

Интернеттен маңзат сатуу каналдарын түзгөндөр кармалды (ВИДЕО)

Милиция баңгизат сатуучу интернет-дүкөндү түзүүгө шектүүлөрдү аныктап, кармашты. Бул туурасында Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка караганда, милиция кызматкерлери Чүй облусунун аймагында узак убакыт бою баңги заттары активдүү сатылып келген интернет-дүкөндөрдүн бирин жок кылуу боюнча атайын операция жүргүзүштү. Белгиленген убакыттын ичинде уюштуруучулар ар кандай электрондук капчыктар жана банк карталары аркылуу түшкөн акча каражаттарын адалдашты.

Ошентип, үстүбүздөгү жылдын апрель айынын ичинде кылмышка шектүүлөр Б.Т. 2004-жылы туулган (уюштуруучу) жана А.А. 2005-жылы туулган (наркокурьер) тергөө кызматына алынган. Кылмыш-процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык, кылмышка шектүү Б.Т. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Октябрь райондук соту шектүүгө карата Бишкек шаарынын СИЗО-1ге эки айга камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасын, ал эми жашы жете элек А.А. ны милициясынын чакыруусуна келүү убадасы менен бошотулган.

Шектүүлөрдүн катышуусу менен тинтүү учурунда сатып алуучулардан акча каражаттары алынган банк картасы, уюлдук телефондор, телефондордун ичинде Telegram мессенджерлери табылып алынган. Интернет-дүкөндүн эсеби менен С., кат алышуулары, сүрөттөрү, геолокациялары, мурда Бишкек шаарынын бардык аймагына таралган «гашиш» баңги заты менен катылган жерлери аныкталган. Мындан тышкары, корпустун ичинен тунук баштык табылган, анын ичинде өзгөчө жыты бар кочкул жашыл түстөгү зат болгон.
Ошондой эле, уюштуруучу өз ыктыяры менен шаардагы алтыдан ашык жерди баңги заттарынын каткан жерлерди көрсөтүп, алар да алынган.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>