Ишеним аркылуу коопсуздук: Кыргызстан ШКУну жаңы механизмдер менен толуктоодоБА өлкөлөрүндө энергоинфраструктуранын эскириши 80%га жетти: ЕӨБ энергетикалык коопсуздук үчүн тобокелдиктер жөнүндө эскерттиНооруз майрамы быйыл президенттин катышуусунда Нарын шаарында белгиленетКыргызстанда шаурманын баасы кантип жана эмне үчүн айырмаланат?Кытай Кыргызстанда катаракта менен жабыркаган бейтаптарга акысыз операцияларды өткөрүүнү сунуштадыКыргызстанда 4-апрель Санариптик технологиялар чөйрөсүнүн кызматкерлеринин күнү деп белгиленди
Ошто изделип жаткан 17 жаштагы Зарина Бишкектен табылды
18.05.2022 | 12:48
Ош облусунун Алай районунда дайынсыз жоголуп, изделип жаткан 17 жаштагы Зарина Авазбек кызы Бишкек шаарынан табылды. Бул тууралуу ИИМдин басма соз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, табылган өспүрүм кыз ата-энесине өткөрүлүп берилген.
Буга чейин Кара-Суу районунун Мады айылынын 17 жаштагы тургуну Авазбек кызы Зарина 29-апрелде болжол менен саат 13:30дө Алай районунун Гүлчө айылынан чыккан бойдон кайтып келбегендиги маалымдалган. Мындан улам Алай райондук ички иштер бөлүмү Заринаны табууга көмөктөшүүнү суранган.

Рубрики: Жаңылыктар, Коом