Орусиялык стример Leva2k түз эфирде Кыргызстандагы Ленин чокусун багындырдыБишкек мэриясы даракты бетондоп салган ижарачы менен келишимди бузатКурумдыдагы альпинисттерди издөө: кара түстөгү караандар таш болуп чыктыЕККУ ЖККУ менен өз ара аракеттенүүнү калыбына келтирүүгө ниеттенүүдө — Таалатбек МасадыковМыктыбек Оролбай уулу карьерасында биринчи жолу UFC 330 турниринде мөөнөтүнөн мурда жеңилдиИран Трамптын ниетин шылдыңдады: Ормузду твит менен басып алуу мүмкүн эмес
Бир жаштагы наристе калем саптын капкагына какап чарчап калды
18.05.2022 | 13:22
Жалал-Абад шаарында бир жашар наристе калем саптын капкагына какап чарчап калды. Бул тууралуу облустук милициядан кабарлашты.
Маалыматка караганда, 17-май күнү саат 20:00дөр чамасында Жалал-Абад облустук клиникалык ооруканасынын балдар бөлүмүнө “102” кызматына маалымат келип түшкөн. Анда Жалал-Абад шаарынын бир жаштагы тургуну үйүндө калем саптын капкагы менен ойноп жатып, кокусунан жутуп алган. Натыйжада аба жетпей окуя болгон жерден чарчап калгандыгы айтылган.
Бул окуя “Кокустук” беренеси менен катталып, текшерүү иштери башталган. Бирок чарчап калган наристенин атасы арыз жазуудан жана ымыркайдын сөөгүн соттук-медициналык экспертизадан өткөрүүдөн баш тарткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар