Агартуу министрлиги ата-энелерге 1-2-класска документ тапшыруу мөөнөтү тууралуу эскерттиБообек Ажикеев: ӨКМге мыйзамсыз ишке орношууга жол берилбейтСадыр Жапаров Ысык-Көлдөгү «Түндүк Бетон» ишканасынын иши менен тааныштыКыргызстандык саякатчы Эверестке велосипед менен жөнөп кеттиОшто жаңы томография борбору иштей баштадыБУУ Өзбекстанда агроинновациялык хаб түзөт
Кыргыз-өзбек чек арасындагы жол кырсык 7 адамдын өмүрүн алды
21.05.2022 | 19:43
Кыргыз-өзбек чек арасындагы жол кырсыктан 14 адам жабыркап, анын ичинен 7 адам каза болду.
Маалым болгондой, жол кырсык 21-майда саат 16:00 чамасында катталган. Кадамжай районунда экскаватор жүктөлгөн чоң жүк ташуучу унаа кыргыз-өзбек чек арасындагы “Чечме” өткөрүү пунктунда турган унааларды сүзүп кеткен. Жүк ташуучу унаанын тормозу иштебей калган.
“Эки жабыркаган адамга амбулатордук жардам көрсөтүлдү. 5 адам стационарга жеткирилди. Жабыркагандардын абалы орто туруктуу деп бааланууда”, – деп билдиришти Саламаттыкты сактоо министрлигинен.
Унаа саатына 70-80 чакырым ылдамдык менен бара жаткан. Айдоочу Кыргызстандан Өзбекстанды көздөй бара жаткан.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом