Бишкекте 8 ай ичинде батирлерди сатуу дээрлик 12%га өстүОш шаарында абанын сапатын көзөмөлдөөчү станция ишке кирдиБишкектеги эң кызыктуу 5 кичи-мейманкана: кино көрсөтүүлөр, экскурсиялар, унаа ижарасы«Манас Ордо» комплексинде жаңы курулган жана оңдолгон объектилер пайдаланууга берилдиАйыл чарба министрлигинде Ош жана Баткен облустарынын багбандары менен МЖӨ долбоорлору талкууландыПрезидент Талас шаарында «Акылман» лицейин ачты
Белгилүү диктор Бактыбек Мамытов акыркы сапарга узатылды
21.05.2022 | 14:57
Бүгүн, 21-майда Бишкек шаарында Кыргызстандын эл артисти, белгилүү диктор Бактыбек Мамытовду акыркы сапарга узатуу зыйнаты өттү.
КТРКнын алдында уюштурулган иш-чарага министрлер кабинетинин, коомчулуктун өкүлдөрү, маркумдун жакындары катышты.
Бактыбек Мамытов 72 жаш курагында 20-майда оорудан улам каза болгон. Сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлду.
Бактыбек Мамытов 1950-жылы Чүй облусунун Ысык-Ата районуна караштуу Алмалуу айылында туулган. Кыргыз улуттук университетинин кыргыз филология факультетинде билим алган.
Бактыбек Мамытов көп жыл КТРКда «Арноо концертин» алып барган. 1993-жылы Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти наамы, 2006-жылы “Даңк” медалы менен сыйланган.




Рубрики: Жаңылыктар, Коом