Баткендеги жол кырсыктан жабыркаган жарандардын абалы

Баткендеги жол кырсыктан жабыркаган жарандардын абалы

Баткен облусундагы “Чечме” өткөрүү пунктунда 21-майда катталган жол кырсыктын кесепетинен 14 адам жабыркады. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин Баткен облусундагы координатору Арзыбек Борубеков билдирди.

Анын маалыматына караганда, жабыркаган жарандардын ичинен 5 адам ошол жерде жан берген, ал эми эки адам Айдаркен ооруканасына бара жатканда каза болгон. Эки жабырлануучуга медициналык жардам көрсөтүлгөндөн кийин амбулатордук дарыланууга жөнөтүлгөн.

«Жабыркаган 5 адам алардын ичинен экөө жаш балдар ар кандай жаракаттар менен Айдаркендеги ооруканынын хирургиялык бөлүмүнө жеткирилген. Бир адамдын абалы оор, калгандарынын абалы орто оор деп бааланууда», — деп билдирди ал.

Жол кырсык катталган жерде тез жардамдын эки бригадасы иштеди.

 

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>