БШКга Улан Сариевге депутаттык мандатты тапшырдыКыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү январь айында 400 млн долларга жакындадыПрезидент Кара-Кулжа айылында маданият жана калкты тейлөө борборун ачтыКабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартатЫсык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдү
Баткен: Чек арадан жер семирткичтерди мыйзамсыз алып өтүүгө аракеттенген жаран кармалды
24.05.2022 | 09:52
Баткен облусунда минералдык жер семирткичтерди Тажикстанга мыйзамсыз алып өтүү аракети токтотулду. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин басма сөз борбору билдирди.
Атайын кызмат Кыргызстандын жараны айдап бараткан жүк ташуучу унааны кармаганы такталган.
«Текшерүү учурунда унаадан 80 кап казакстандык селитра табылган. Аткезчилик жүктүн жалпы салмагы төрт тоннаны түзгөн. Адистердин корутундусуна ылайык, товардын орточо базар баасы 152 миң сомду түзөт», – деп айтылат комитеттин маалыматында.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом