Манас шаарында металл конструкцияларын чыгаруучу завод ачылдыКыргызстанда контрабанда үчүн кылмыш жоопкерчилигинин босогосун жогорулатуу сунушталуудаОнкология борборуна жасалма интеллект менен иштеген төрт УЗИ аппараты орнотулдуСаламаттык сактоо министри энергетикалык суусундуктарга тыюу салуу демилгесин колдодуЫсык-Көлдө мыйзамсыз балык уулоого шектелген жарандан 777 метр тор алындыКурулуш министри Орунтаев Бишкек шаарынын мэри болуп дайындалышы мүмкүн деген сөздөргө жооп берди
Ысык-Көлдө эки киши жол кырсыгынан жабыркады
24.05.2022 | 09:32
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына ылайык, 23-май кечки саат 21:30 чамасында Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол унаа жолунда «РАФ-4» үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рульга ээ боло албай жолдун жээгиндеги терекке урунган.
Кырсыктын кесепетинен 35 жаштагы эки эркек адам оор жаракат алган.
Кырсык болгон жерге Каракол шаарынын №15 өрткө каршы куткаруу бөлүмүнөн 3 куткаруучу тартылып, кыпчылып калган жаранды алып чыгышып, 103 кызматына өткөрүп беришкен.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом