Кыргызстандын ЕАЭБ өлкөлөрү менен товар жүгүртүүсү январь айында 400 млн долларга жакындадыПрезидент Кара-Кулжа айылында маданият жана калкты тейлөө борборун ачтыКабмин «Кемин—Балыкчы» ЛЭП курууга 67,7 млн евро тартатЫсык-Көлдө баңги лабораториясы аныкталып, эки киши кармалды«Манас» эпосу дунган тилинде жарык көрдүУКМК: Нарында «Йакын-Инкардын» мүчөлөрү уюмдун идеологиясынан баш тартышты
Өспүрүм кызга жыныс мүчөсүн көрсөткөн киши үй камагына чыкты
24.05.2022 | 16:04
Чүй облусунун Москва районунда өспүрүм кызга жыныс мүчөсүн көрсөткөн адам сот тарабынан үй камагына чыгарылган.
Аталган окуя боюнча видео социалдык тармактарга тарагандан кийин Чүй ОИИБдин басма сөз кызматы комментарий берген.
Милициянын маалыматына караганда, окуя ушул жылдын март айынын аягында катталган. Анда милицияга эркек киши дүкөнгө кирип, 15 жаштагы кызга жыныс мүчөсүн көрсөткөнү боюнча маалымат түшкөн.
Аталган факт Кылмыш-жаза кодексинин 158-беренеси менен бирдиктүү реестрге катталып, милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары 1987-жылы туулган К.С., аттуу жаран кармалган.
Кийинчерээк ал Москва райондук соту тарабынан үй камагына чыгарылган. Учурда иш сот тарабынан каралууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом