Эдил Байсалов Чүй облустук бириккен ооруканасына барды

Эдил Байсалов Чүй облустук бириккен ооруканасына барды

Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Чүй облустук бириккен ооруканасына барды. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, алгач ал, Чүй облустук ооруканасынын хирургия бөлүмүнүн башчысы, профессор, КРнын Баатыры Эрнст Акрамов менен жолугушту.

Маектешүүдө Эдил Байсалов көрүнүктүү хирургдун ден соолугун сурап, абалы жакшы экендигин, ишин улантып, жаш кесиптештерине практикалык бай тажрыйбасын бөлүшүп жаткандыгын канаттануу менен белгиледи.

Министрлер кабинетинин башчысынын орун басары хирургия, терапия жана балдар бөлүмдөрүн карап чыкты. Ошондой эле медицина кызматкерлери менен баарлашып, алардын көйгөйлөрүн укту.

Башкы дарыгер Алмаз Назарбек уулу 1956-жылы курулган оорукананын имаратын капиталдык оңдоодон өткөрүү зарылдыгын белгиледи.

Эдил Байсалов өлкөдөгү бир катар ооруканалар заманбап талаптарга жооп бербеген эски имараттарда жайгашканын, буга байланыштуу министрлер кабинети жаңы көп тармактуу клиникаларды куруу долбоорлорунун үстүндө иштеп жатканын айтты. Аларда медицина кызматкерлерине иштөө жана бейтаптарды дарылоо үчүн бардык шарттар түзүлөрүн баса белгиледи.

Өз кезегинде оорукананын жамааты талыкпай иштеп жатканын айтышып, жакында көтөрүлгөн эмгек акы үчүн өлкө башчысына ыраазычылык билдиришти.

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>