Бишкектин 5-кичирайонунда ысык суу убактылуу токтотулат“Манас” аэропортунда оңдоо иштеринен улам жол кыймылына чектөө киргизилдиБишкектеги түтүнгө каршы күрөш — ЖЭБде күкүрттү тазалоо системасы ишке киргизилдиБажыдагы мыйзамсыз айыптар: прокуратура 19 токтомду жокко чыгардыСаламаттык сактоо министринин орун басары Тез жардам борборундагы санариптик технологиялар менен таанышты«Улуу Алтай» борборунун археологдору Кыргызстанда казуу иштерин жүргүзүшөт
Депутат Д.Ашимова комитеттин төрайымы кызматынан кетти
25.05.2022 | 11:17
Депутат Динара Ашимова өз ыктыяры менен Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымынын милдеттерин аткаруудан баш тартты. Бул тууралуу арыз түшкөнүн “Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал Ашимованын өтүнүчүн канааттандырып, ордуна Венера Раимбачаеванын талапкерлигин кароону өтүндү.
Динара Ашимова мындай өтүнүчүн Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясында Жогорку Кенештин делегациясынын төрайымынын милдетин аткарып жаткандыгы менен түшүндүргөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат