Садыр Жапаров Кыргызстандын алгачкы улуттук спутнигин учуруу үчүн Лос-Анжелеске бардыМамлекетке кайтарылган мүлктү баалоодо 200 млрд сомго жакын айырма чыктыКыргызстанда жыл сайын 1 миллионго жакын көчөт отургузулатБишкекте мамлекетке 182 миллион сомдук бала бакча кайтарылдыУлууларга урмат-сый жана камкордук ар бир үй-бүлөдө болушу керек — КР Мамлекеттик катчысыБишкекте жасалма документтерди даярдоого шектелип эки чет өлкөлүк жаран кармалды
Депутат Д.Ашимова комитеттин төрайымы кызматынан кетти
25.05.2022 | 11:17
Депутат Динара Ашимова өз ыктыяры менен Жогорку Кеңештин Социалдык саясат боюнча комитетинин төрайымынын милдеттерин аткаруудан баш тартты. Бул тууралуу арыз түшкөнүн “Ыйман Нуру” фракциясынын лидери Нуржигит Кадырбеков бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.
Ал Ашимованын өтүнүчүн канааттандырып, ордуна Венера Раимбачаеванын талапкерлигин кароону өтүндү.
Динара Ашимова мындай өтүнүчүн Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясында Жогорку Кенештин делегациясынын төрайымынын милдетин аткарып жаткандыгы менен түшүндүргөн.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат