Кумтөрдүн кирешесинен Нарынга 10 эсе көп акча бөлүү керек, — депутат

Кумтөрдүн кирешесинен Нарынга 10 эсе көп акча бөлүү керек, — депутат

«Кумтөр» ишканасынын кирешесинен Ысык-Көлгө эмес, Нарын облусуна каражат бөлүп берүү керек. Мындай пикирин бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Нурбек Сыдыгалиев билдирди.

Анын айтымында, Нарын облусуна азыркы бөлүнгөн каражаттан 10 эсе көп бөлүп берүү керек.

“Анткени Нарын облусунда салынган хвостохранилищелер бар. Эгер алар жарылып кете турган болсо, эң биринчи Ысык-Көл облусуна эмес, Нарын облусуна зыяны тиет. Ошон үчүн азыркы бөлүнуп жаткан каражаттан дагы 10 эсе көп бөлүнүп берилиши керек”, — деди депутат.

Буга чейин депутат Арсланбек Малиев “Кумтөр” ишканасынын кирешесининин бир бөлүгүн Нарын облусуна берүү тууралуу токтомдун кабыл алынышына нааразы болуп, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун отставкага кетишин талап кылган болчу.

Министрлер кабинетинин төрагасы 24-майда Кумтөрдүн кирешесинен Нарын облусун өнүктүрүүгө акча берүү тууралуу чечимге кол койгон.

Тэги: Кумтөр

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>