Өкмөт башчы Акылбек Жапаров отставкага кетсин, — депутат

Өкмөт башчы Акылбек Жапаров отставкага кетсин, — депутат

Бүгүн, 25-майда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Арсланбек Малиев министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун отставкага кетишин талап кылды.

Анын айтымында, “Кумтөр” ишканасынын кирешесинин бир бөлүгүн Нарын облусуна берүү тууралуу токтомдун кабыл алынышы туура эмес.

“Кумтөрдөн Жети-Өгүз жана Тоң райондоруна каражат бөлүп бергиле деп  дайыма айтып келем. Бирок, тилекке каршы өкмөт Нарын облусуна жардам көрсөтүлсүн деген токтом чыгарып жатат. Нарын облусунун «Кумтөр» ишканасына эмне тиешеси бар? Туура эмес токтом кабыл алганы үчүн өкмөт башчы Акылбек Жапаров оставкага кетсин. Уяты болсо, өзү кетсин, болбосо президент Садыр Жапаровго кайрылам, өкмөттү толугу менен отставкага кетирсин”, — деди Арсланбек Малиев.

Ошондой эле, ал: “Ансыз деле “Кумтөр” ишканасы бүт республикага жардамын берип келе жатпайбы. Бюджет аркылуу ар бир облус жардам алып жатат. Ошон үчүн бул маселени күн тартибине киргизип койгула”, — деп кошумчалады.

Буга чейин маалымдалгандай, министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койгон чечимге ылайык,«Кумтөр Голд Компани» ЖАКга өткөн ай үчүн алынган дүң кирешенин 0,6 пайызын Нарын облусун өнүктүрүү фондунун мекемесинин атайын эсебине которуу сунушталган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>