Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 116 даана жаңы атайын техника тапшырылдыБаткен облусунун Мурас айылынын үч миңден ашык тургуну таза ичүүчү суу менен камсыз кылынатБишкекте электр энергиясы үчүн карызы бар 6 миң абоненттин жарыгы өчүрүлөтБШК Кундузбек Сулаймановду депутаттык мандатынан ажыраттыМинистр менен мэр окуучу кол салды делген мугалимден кабар алыштыБакыт Төрөбаев «Агрокуш» канаттуулар комплексин кеңейтүү пландары менен таанышты
Евразиялык экономикалык форумда 10 документке кол коюу пландалууда
26.05.2022 | 10:12
Евразиялык экономикалык форумдун жыйынтыгында он жыйынтыктоочу документке кол коюу пландалууда. Бул тууралуу Кыргызстандын министрлер кабинетинин биринчи орун басары Арзыбек Кожошев менен Евразия экономикалык комиссиясынын Коллегиясынын төрагасы Михаил Мясниковичтин жыйынынын жыйынтыгы боюнча өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.
Арзыбек Кожошевдин айтымында, Евразиялык экономикалык форумду 2022-жылдагы эң ири иш-чаралардын бири деп атоого болот.
«Форумда 35 иш-чара, анын ичинде 21 тематикалык сессия болот. ЕАЭБдин агроөнөр жайынын мыкты продукцияларынын көргөзмөсү уюштурулуп, форумдун өз жыйынтыгында 10 жыйынтыктоочу документке кол коюу пландалууда», — деди Арзыбек Кожошев.
Бүгүн Бишкекте Евразиялык экономикалык форумдун ачылышы болот.
Рубрики: Жаңылыктар, Саясат