Бишкекте Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалы ачылды

Бишкекте Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалы ачылды

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров менен Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев бүгүн, 26-майда, Бишкектеги Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин филиалына барышты. Бул тууралуу өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка, караганда, ректор Жансейит Түймебаев мамлекет башчыларына имаратты кыдыртып экскурсия кылып, билим берүү мекемеси тууралуу айтып берди.

Филиалды ачуу чечими Кыргызстандын Президенти Садыр Жапаровдун 2021-жылдын март айында Казакстанга болгон мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында кабыл алынган. Бир жылдын ичинде филиал лицензия алды.

Студенттер бүгүнкү күндө Кыргызстанда жана чет өлкөлөрдө талап кылынган IT-технологиялары, тоо кен иштери, жаратылыш ресурстарын пайдалануу, туризм ж.б. адистиктер боюнча билим алышат.

Ага Казакстандагы башкы университеттин өзүнөн профессордук-окутуучулар курамынын 30%ы тартылса, 70% окутуучулар Кыргызстандан болот деп мерчемделүүдө. Келечекте жамааттык пайдалануу үчүн илимий лаборатория жана технопарк түзүү пландалууда. Аль-Фараби атындагы Казак улуттук университетинин бул филиалынан Кыргызстан менен Казакстандын, ошондой эле башка мамлекеттердин жарандары окуй алышат. Кыргызстан менен Казакстандын лидерлери окуу жайдын имаратын көрүп чыгышып, университеттин Ардактуу меймандар китепчесине каалоо-тилектерин жазып калтырышты.

 

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>