Маск Twitterди сатып алууга акча тапты

Маск Twitterди сатып алууга акча тапты

Илон Маск Twitterди сатып алуу келишимин жабууга бир кадам жакындады.  Бул туурасында euronews.com жазды.

Ал социалдык тармакты алуу үчүн жеке каражатынын үлүшүн 6 миллиард 250 миллион долларга көбөйткөнүн белгилүү болду.

Алгач ишкер өзүнүн капиталынын 27 миллиарддан ашыгын инвестициялап, калганын 44 миллиард долларга Twitterди сатып алуу үчүн Tesla акциялары менен насыя алууну пландаштырган.

Кошумча каржылоонун аркасында Маск жетишпеген сумманы эки эсеге кыскартты жана азыр, кыязы, карыздык милдеттенмелерди алуу зарылчылыгынан кутулду.

Тараптардын ортосунда сүйлөшүүлөр уланууда. Ишкер буга чейин Twitter спам жана фейк аккаунттар платформанын колдонуучуларынын жалпы санынын 5% дан азын түзөөрүн далилдегенге чейин келишимдин токтотулгандыгын жарыялаган.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>