Бишкек шаарынын Ак-Өргө конушунан бир жеңил унаанын айдоочусу велосипед тээп келе жаткан кишини учура сүздү. Бул туурасында журналист Тынчтык Алтымышев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.
“Арак ичип алып акшыңдап келатып Ак-Өргөдөн кудабызды тетиги жаш бала коюп кетти. Абалы оор, жылыш жок… Буга эми кандай жаза бериш керек, айткылачы?”— деп жазды.
Ошондой эле журналист жабырлануучу учурда комада жатканын, айдоочу камакка алынганын кошумчалады. Ал эми Кайгуул кызматы азырынча бул маалыматты тастыктай элек.