Бишкекте Куралдуу күчтөрдүн салтанаттуу жыйыны өттү

Бишкекте Куралдуу күчтөрдүн салтанаттуу жыйыны өттү

Бүгүн, 29-майда, Бишкек шаарындагы Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясында Кыргыз Республикасынын Куралдуу күчтөрүнүн түзүлгөндүгүнүн 30 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын өттү. Бул туурасында өлкө башчынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Иш-чарага Кыргызстандын Президенти – Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров катышты.

Мамлекет башчысы тематикалык сүрөт көргөзмөсүн жана ок атуучу куралдардын, инженердик жабдуулардын жана радиостанциялардын көргөзмөсүн кыдырып чыкты.

Ошондой эле, өз сөзүндө Куралдуу Күчтөрдүн аскер кызматкерлерин жана ардагерлерин мааракелик дата менен куттуктап, эгемендүүлүк жылдарында армиянын жетишкендиктерин белгилеп, ошондой эле өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн стратегиялык өнүктүрүү боюнча пландарды белгиледи.

Мындан тышкары, кызматтык милдеттерин ак ниет аткаргандыгы, үлгүлүү аскердик тартиби, күжүрмөн даярдыктагы мыкты көрсөткүчтөрү үчүн, ошондой эле Куралдуу Күчтөрдүн 30 жылдыгына карата Президенттин атынан төмөнкү аскер кызматкерлерине ыраазычылык билдирилди:

— полковник Мурат Оторовго;

— подполковник Эрмек Асановго;

— капитан Бакытбек уулу Нурсейитке;

— капитан Кубатбек уулу Бексултанга;

— ага лейтенант Адылбек Кочкоровго.

 

Иш-чара ата мекендик эстрада артисттеринин майрамдык концерти менен жыйынтыкталды.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>