Казакстанда беш киши белгисиз затка ууланып каза болду

Казакстанда беш киши белгисиз затка ууланып каза болду

Павлодар облусунда дагы бир адам белгисиз затка ууланып каза болду. Буга чейин төрт адам ууланып көз жумган. Эки жабырлануучу ооруканада, алардын биринин абалы оор. Бул туурасында Tengrinews.kz маалымат порталы жазып чыкты

Жергиликтүү полициясынын маалыматына караганда, 27-майда саат 22.17де Иртышск айылында 1955-жылы туулган үй ээсинин жана анын 32 жаштагы уулунун сөөктөрү үйдөн, 28-майда саат 7.15те райондук ооруканадан  ошол эле айыл тургунунун сөөгү табылган. Ошол эле күнү саат 7.24тө үйдөн 1975-жылы туулган, 1957-жылы туулган пенсионердин жансыз денеси, ал эми саат 16.00 чамасында ооруканадан 51 жаштагы айылдашынын сөөгү табылган. Алардын бардыгында зордук-зомбулуктун сырткы белгилери табылган эмес.

Аталган факты Иртыш районунун ички иштер бөлүмүндө катталган. Текшерилүүдө. Табылган сөөктөр боюнча соттук-медициналык экспертизалар дайындалды. Анын жыйынтыгы боюнча процессуалдык чечим кабыл алынат.

Кырдаалды тактоо учурунда каза болгондордун баары мурда Иртышск айылынын тургуну тарабынан бир идиште сакталып турган теги белгисиз суюктукту ичишкени аныкталган. Контейнер алынып, суюктуктун калдыктары боюнча да экспертиза дайындалды. Иликтөөнүн жыйынтыгы менен өлүмдүн себеби аныкталат.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>