Бишкек абанын булганышы боюнча 32-орунду ээледиДели – Бишкек – Дели багыты боюнча жаңы каттам ачылдыЧүй проспектисинин ЦУМ жактагы бөлүгү 12-декабрда ачылатКамчыбек Ташиев ЦУМдун жанындагы имараттын үчүнчү кабатын бузууну тапшырдыБШК Жогорку Кеңешке жаңы шайланган талапкердин эсине салдыСадыр Жапаровдун уулу жана экс-спикер Марат Султанов жаңы банктын негиздөөчүлөрү болушту
Бишкекте үч жашар бала люкка түшүп кетти
01.06.2022 | 13:19
Бишкектин Манас проспектиси менен Чокморов көчөсүнүн кесилишинде 3 жашар бала канализациянын ачык люгуна түшүп кеткен. Бул тууралуу Instagramдагы black_list.kg баракчасынын катталуучусу билдирди.
«Кечээ биз балдар менен дүкөнгө бардык. Алар газондо басып бара жатышкан. Чокморовго жете электе кичүү уулум менин көз алдымда жерге кулап, бакырып кирди. Суусу бар ачык люк бар экен. Күйөөм люкка секирип, баланы алып чыкты. Уулум үч жашта, коркуп кетти. Бактыга жараша эч нерсе болбоптур, сууну жутканга үлгүрбөй калыптыр. Күүгүм кирип, тротуардан люкту көргөн жокпуз, балам аны чөптүн арасынан байкаган жок. Бишкек шаардык мэриясынан бул кооптуу жайга көңүл буруусун талап кылабыз», — деп жазган ал.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом