Депутат Осмонов: Комбанктар кредитти доллар менен келишим түзүп, сом менен берүүдө

Депутат Осмонов: Комбанктар кредитти доллар менен келишим түзүп, сом менен берүүдө

Кыргызстанда коммерциялык банктар ишкерлер менен кредиттик келишимдерди доллар менен түзүп, бирок курстун туруксуздугунан улам сом менен берилген. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айбек Осмонов билдирди.

Бул суроо менен эл өкүлү Улуттук банктын төрагасы Кубанычбек Бөкөнтаевге кайрылды.

«Менде бир нече фактылар бар, банктар жеке ишкерлер менен доллар менен келишим түзүп, бирок накталай акчанын жоктугунан насыялар сом менен берилген. Ошентип, алар 1 долларды 83 сомдон кредит алышкан, бирок андан кийин керектүү жабдууларды сатып алуу үчүн кредиттин суммасын Америка валютасына 86 сомдон жогору курска алмаштырууга туура келген. Айтсаңыз, келишим доллар менен түзүлсө, анда банк акчаны ушул валютада чыгарышы керек?, — деп сурады Осмонов.

Улуттук банктын төрагасы насыялар келишимде көрсөтүлгөн валютада берилиши керектигин ырастап, айтылган фактыларды иликтей турганын айтты.

«Эгер мыйзам бузуулар болсо, бул коммерциялык банктарга чара көрүлөт», — деп ишендирди Бөкөнтаев.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>