Балдарга арналган суусундуктарга акциздик марка басуу милдеттендирилдиАк-Суу районунда жаңы машина-трактордук станция ишке кирдиЖакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу Коопсуздук кеңеши өлкөдөгү коопсуздук маселеси боюнча жыйын өткөрдүКыргызстанда жарандарды социалдык камсыздандыруу үчүн каттоо системасы жөнөкөйлөтүлөтКамчыбек Ташиев ИИМде беш саат сурак берип чыктыЖер тилкелерин документтештирем деп, алдап кеткен. Чүйдө шектүү жаран кармалды
Бурана мунарасынан кыз кулап каза болду. Окуянын чоо-жайы
02.06.2022 | 14:39
Чүй облусунда Бурана мунарасынан кыз кулап каза болду. Бул тууралуу облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалым болгондой, 30-майда Чүй райондук ички иштер бөлүмүнө кыз Буранадан кулап кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Окуя болгон жерден 25 жаштагы Ысык-Ата районунун тургунунун жансыз денеси табылган.
Факты маалымат журналына катталды.
Сурак маалында комплекстин зыяратчылары жана жумушчулары кыз жалгыз келип мунарага чыгып кеткенин, ал учурда башка эч ким жок экенин айтышкан.
Учурда иштин бардык жагдайларын тактоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом