Орусияга каттаган поезддердин жол кире акысы арзандады. Тизме

Орусияга каттаган поезддердин жол кире акысы арзандады. Тизме

«Кыргыз темир жолу» ишканасы Орусия жана Казакстан темир жолдору менен макулдашуу боюнча 2022-жылдын 3-июнунан баштап эл аралык жүргүнчүлөрдү ташуучу поезддердин жол кире акысына арзандатуу киргизет. Бул тууралуу аталган ишкананын басма сөз кызматы билдирди.

Арзандатуулар төмөндөгүдөй болот:

1)    Бишкек – Самара

Плацкарт вагондо балдардын билети 3 600 сомдон, чоңдор үчүн билет 9 643 сомдон башталат.

Купе вагондо балдардын билети 4 675 сомдон, чоңдор үчүн билет 12 694 сомдон башталат.

2)    Бишкек – Казань

Плацкарт вагондо балдардын билети 4 592 сомдон, чоңдор үчүн билет 12 476 сомдон башталат.

Купе вагондо балдардын билети 6 217 сомдон, чоңдор үчүн билет 17 104 сомдон башталат.

3)    Бишкек – Новосибирск

Плацкарт вагондо балдардын билети 2 940 сомдон, чоңдор үчүн билет 7 761 сомдон башталат.

Купе вагондо балдардын билети 3 801 сомдон, чоңдор үчүн билет 10 219 сомдон башталат.

“Поезд жөнөгөнгө чейин билетти канчалык эрте сатып алсаңыз, ошончолук арзан болот”, — деп айтылат маалыматта.

 

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: баалар

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>