«Яндекс Go» компаниясынын «Элдик гид» сынагына эмгектерди кабыл алуу 30-ноябрга чейин узартылдыЧолпон-Ата шаарында жаштар борбору ачылдыБишкекте өтө турган Азия кубогунун тандоо оюндарына Кыргызстандын U-17 курамы аныкталдыОш электр тармактары ишканасынын кампа башчысы электр зымдарын сатууга шектелүүдөАла-Арча жана Аламүдүн дарыяларынын жээгин бойлой монорельс куруу каралуудаКыргызстандыктардын күнүмдүк жашоосундагы жасалма интеллект жана санариптик технологиялар
Кыргызстандык Айсулуу Аширалиева Сеулда депутат болду
02.06.2022 | 15:05
Кыргызстанда туулган Айсулуу Аширалиева Сеул шаардык кеңешинин депутаты болду. Бул тууралуу Кыргызстандын Кореядагы элчиси Аида Исмаилова Фейсбук баракчасына билдирди.
Ал белгилегендей, 1-июнда Корея Республикасында жергиликтүү жана кошумча парламенттик шайлоолор өттү. Айсулуу Аширалиева Сеул шаардык кеңешинин депутаттыгына шайланды.

«Айсулуу элчилик тарабынан өткөрүлүп жаткан маданий иш-чараларга ар дайым колдоо көрсөтүп, катышып келген мекенибиздин патриот инсандарынын бири. Ага чың ден соолук, бакубатчылык жана жаңы иштерине ийгиликтерди каалайбыз», — деп жазган Аида Исмаилова.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом