Бишкектин Калинин көчөсүндөгү көпүрө оңдоо иштерине байланыштуу жабылатКожомкул атындагы спорт сарайына заманбап бассейн салынатМихаил Шайдоров Казакстанга фигуралык муз тебүү боюнча Олимпиаданын алтын медалын алып келди15-февралга карата аба ырайыЖашы жете электи зордуктоого шектелгендерди жоопкерчиликтен бошоткон. Кеминде Тергөө кызматынын башчысы кармалдыИшкерлерден акча талап кылып жүргөн. Ошто жалган милиция кызматкери кармалды
Mercedes-Benz миллиондой унаасын кайра чакыртып алды
06.06.2022 | 20:37
Германиянын Mercedes-Benz автоунаа өндүрүүчүсү R, ML жана GL классындагы жол тандабастар менен минивендердеги мүмкүн болгон тормоздук көйгөйлөрдөн улам дүйнө жүзү боюнча миллионго жакын унаасын чакыртып алууда. Бул туурасында ЕвроНьюс сайты жазып чыкты.
Андагы маалыматтарга караганда, ишкана 2004-жылдан 2015-жылга чейин чыгарылган унааларга тиешелүү экенин жана тормоздук күчөткүчтүн коррозия коркунучунан ушундай кадамга барып жатканын билдирүүдө. Теориялык жактан алганда, бул тормоз педалында мүчүлүштүктөр жаралышы мүмкүн. Өндүрүүчү кайра чакыртып алынган унаалардын ээлеринен техникалык кароодон өткөнгө чейин колдонбоону суранат.
Рубрики: Дүйнө, Жаңылыктар