Кыргызстандын экономикасы өсүүдө, бирок жашоо да кымбаттап жататБишкектин бир бөлүгүндө 20-апрелде ичүүчү суу берүү убактылуу токтотулатУКМКнын ДНК-лабораториясы бир жыл ичинде 40ка жакын экспертиза жүргүзгөнMKassa жаңы кардарлар үчүн «Үч миллионго нөл» акциясын ишке киргиздиКыргызстанга электрондук тамекилерди ташып келүүгө тыюу салуу дагы жарым жылга узартылатКыргызстандык опера ырчысы Эльнура Муктарбек Москвада эл аралык Bravo сыйлыгына ээ болду
ЖКда педофилдердин жазасын катуулатуу боюнча мыйзам долбоору каралат
07.06.2022 | 08:31
Балага карата жыныстык зомбулук көрсөткөн кылмышкердин жазасын катуулатуу боюнча мыйзам долбоору бүгүн 7-июнда Жогорку Кеңештин Укук тартиби, кылмыштуулукка жана коррупцияга каршы күрөшүү комитетинде экинчи окууда каралат.
Кылмыш-жаза кодексине жана мунапыс берүү боюнча мыйзамга өзгөртүү киргизүүнү караган бул документ өткөн айда биринчи окууда бир добуштан кабыл алынган.
Эгер мыйзамга сунушталып жаткан өзгөртүүлөр колдоо тапса, педофилдер мунапыс ала албайт, аларга “кылмыштын мөөнөтү өттү” деген аныктама колдонулбайт, психикалык жактан оорулуумун деп ооруканага жатабы-жокпу, жазасын өтөөгө милдеттүү болот.