Депутат Маматалиев бир жолу колдонулуучу баштыктарга тыюу салууну сунуштоодо

Депутат Маматалиев бир жолу колдонулуучу баштыктарга тыюу салууну сунуштоодо

Кыргызстанда бир жолу колдонулуучу желим баштыктарды алып кирүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салуу сунушталууда. Тиешелүү долбоор кечээ Жогорку Кеңештин Бюджет, экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинде каралып, жактырылды.

“Кыргыз Республикасынын аймагында желим пленкалуу баштыктарды жүгүртүүнү чектөө жөнүндө” жана “КРнын Жоруктар жөнүндө кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдардын демилгечиси – депутат Марлен Маматалиев.

Эл өкүлүнүн айтымында, мыйзам долбоорлору полимердик материалдардын ден соолукка жана айлана-чөйрөгө зыяндуу таасирин азайтуу максатында иштелип чыккан. Алар полимердик материалдардан жасалган бир жолу колдонулуучу таңгак баштыктарды алып кирүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салууну киргизүүнү караштырышат.

Ошол эле учурда бузулуучу чийки заттан жасалган пакеттер каралып жаткан тыюуларга кирбейт. Бул өз кезегинде алардын баалуулугуна таасирин тийгизет.

«Бир жолу колдонулуучу биологиялык ыдыратуучу баштыктардын баасы албетте бир нече сомго кымбаттайт. Мыйзам долбоорун ишке ашыруу 2024-жылы башталат”,-деди демилгечи.

Ошол эле учурда ал Кыргызстан жылына 3 миң тоннага жакын бир жолу колдонулуучу баштыктарды импорттоп, ушунча эле көлөмдө өзүндө өндүрүлөөрүн кошумчалады. Буга байланыштуу спикер полимердик материалдардын таңгактарын ташып келүү үчүн юридикалык жактарга 13 миң сом, жеке жактарга 3 миң сом өлчөмүндө айып белгилөөнү сунуштады. Ошону менен бирге пакеттерди жасаганы үчүн юридикалык жактарга 28 миң сом, жеке жактарга 10 миң сом айып салуу сунушталууда.

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>