Казакстанда улуттар ортосунда чыр чыктыбы? Полиция үн катты

Казакстанда улуттар ортосунда чыр чыктыбы? Полиция үн катты

Полиция Павлодардагы кафенин жанындагы жаңжал  улуттар аралык мүнөзгөө ээ деген маалыматты четке кагууда. Бул туурасында КазТАГ жазып чыкты.

Маалыматка караганда, 29-май күнү саат 04:30да полицияга Павлодар шаарындагы Толстой көчөсүн бойлой түнкү клубдун жанында мушташ болуп жаткандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Жаңжалда улуттар аралык араздашуу болгон эмес.

Бул барда эркек кызы аралаш бир тобу туулган күн белгилешкени такталган. Мас болгон жигиттер тышка чыгып, өздөрүн агрессивдүү алып жүрүшкөндүктөн, күзөт кызматкерлери аларды эс алып жаткан жайга киргизбей коюшкан.

«Келгендер нааразычылыгын билдирип, клубдун эшигин тепкилеп, каккылап жатышты. Аталган мекеменин күзөтчүсү эскертүү жасап, газ чачыраткыч колдонгон. Жигиттер клубдун күзөтчүлөрү менен жаңжал чыгара беришкен. Ошентип,  ортодон мушташ чыккан», — деп кошумчалады полиция.

Укук коргоо органы түнкү клубдун күзөтчүлөрүнө карата Казакстан Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин бейбаштык беренеси менен сотко чейинки иликтөө иштерин баштады. Чыр-чатактын катышуучуларынын экинчи тарабына КР КЖКнын 434-беренеси (майда бейбаштык) боюнча административдик иш козголгон.

Буга чейин социалдык тармактарда жаштардын мушташы тартылган видео тараган. Видео менен бирге казак улутунун өкүлдөрү менен Казакстанда жашаган диаспоралардын биринин ортосунда жаңжал болгону айтылган аудио жазуу тараган.

 

Тэги: Казакстан

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>