Өзгөчө кырдаалдар министрлиги сууга түшүүдөгү эң негизги эрежелер боюнча жарандарга түшүндүрө кетти.
Сууга түшүү эрежелери:
— Агын сууларга, көлмөлөргө сууга түшүүгө тыюу салынат;
— Сууга чоңдордун, ата-энелердин көзөмөлүндө гана түшүү керек;
— Мурда көрүп-билбеген, балыры көп жерге түшүүгө болбойт. Суунун тереңдиги көрүнбөйт. Бутка оролгон балыр сууга түшүүгө тоскоолдук жаратып, чөгүп кетүүгө жол ачат. Алыс сүзбө;
— Мас болуп сууга түшкөнгө болбойт;
— Баланы суу боюнда кароосуз калтырбагыла;
— Кайык, моторлуу кайыктын артынан кубалап, асылууга, жабышууга болбойт;
— Күн бүркөктө же катуу шамал башталганда сууга түшүүдөн абайлагыла;
— Үйлөмө матрац, жаздыкча, дөңгөлөктүн камерасында сүзүүгө болбойт. Ал жарылып кетсе, адам терең жерге түшүп кетүүсү ыктымал;
Көпүрө, тосмо, кеме токтоочу жай, кайыктан жана катерлерден сууга секирүүгө болбойт.
Ал эми сууда сүзгөндү билбегендер үчүн кеңеш:
— Сууга чөгө баштаганда өзүн жоготпой, дүрбөлөңгө түшпөй, тынч кармаса, адам өзүн-өзү сактап калуусу мүмкүнчүлүк түзүлөт;
— Кескин кыймыл жасабоо керек, анткени суу оозго, өпкөгө тез толуп, буттун тарамыштары түйүлүп калат;
— Терең дем алып, абаны өпкөдө 30 секунддай кармоого аракет кылса натыйжалуу болот.
Кайыкта болсоңуз:
— кароосуз калган жана техникалык жактан оң болбогон кайыктарды пайдаланбаныз;
— мас абалда кемеге түшүп сейилдебеңиз;
— сууда сүзүп бара жатып, бир кайыктан экинчи кайыкка олтурбаңыз;
— караңгы киргенден кийин кайык, катер, катамаран колдонбоңуз.
Эгер сиз:
— чарчап турсаңыз;
— күн өтүп кеткен болсо;
— ачка болсоңуз;
— суусап турсаңыз;
— ооруп айыксаңыз;
— спирт ичимдиктерин ичсеңиз сууга түшпөй койгонуңуз дурус.
Ар бир кыймылыңыздан сиздин жана сиздин жакыныңыздын өмүрү көз каранды