Бишкекте “Art-Ordo – 2025” эл аралык театр фестивалы расмий ачылдыКыргызстандык аскерлер Таджикистанда ЖККУнын биргелешкен машыгуусуна катышуудаБишкек шаардык Патрулдук милиция кызматында жаңы жетекчилик дайындалдыӨКМ Чүй, Талас облустарынын айыл өкмөттөрүнө жана мэрияларына айып пул салдыБишкекте №1, №243 жана №226 автобустардын кыймыл жолу убактылуу өзгөртүлдүТүтүн, дөңгөлөк жана адреналин: «Ганси» автодромунда дрифт боюнча чемпионат өттү
Бүгүн орто мектептерде “Акыркы коңгуроо” өтөт
09.06.2022 | 09:21
Бүгүн, 9-июнда Кыргызстан боюнча мектептерде окуу жылынын аякташына байланыштуу быйылкы “Акыркы коңгуроо” салтанаты өтөт.
Бүтүрүүчүлөрдүн жыйынтыктоочу мамлекеттик аттестациясы окуу процесси кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилдеринде жүргүзүлүүчү жалпы билим берүү мекемелеринде 9-класстар үчүн 11-22-июнда, 11-класстар үчүн 11-23-июнда уюштурулат. Алар математика, эне тили, кыргыз тили, Кыргызстандын тарыхы сабактарынан экзамен тапшырышат.
Буга чейин Билим берүү жана илим министрлиги мектептеги салтанаттан кийин кафе-ресторандарда, парктарда майрам уюштурууга, жаратылышка чыгууга тыюу салынарын эскерткен болчу.
Адатта 25-майда “Акыркы коңгуроо” салтанатты өтүп турган, өткөн жылы окуу жылы узартылгандан соң ушул күнгө белгилнген.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар