Бишкекте тартипке 24/7 режиминде көз салынууда — ШИИБдин борбору кантип иштейтБорбор Азия мамлекеттери аймактын глобалдык позициясын талкуулаштыОрмуз кысыгы кайрадан жабылды — ИРСК каалаган кемеге сокку уруларын эскерттиЖол кырсыгынан жабыркаган аскер кызматкеринин абалы тууралуу эмне белгилүү?КМШнын ТИМ башчылары биргелешкен космос программаларын өнүктүрүүгө даяр экендиктерин ырасташтыСадыр Жапаровдун TRON блокчейн-платформасынын негиздөөчүсү менен жолугушуусу кандай өттү — кенен маалымат
Катарлык компания Бишкекте таштандыны кайра иштетүүгө даяр
10.06.2022 | 14:35
Бишкек шаарынын мэри Эмилбек Абдыкадыров тиричилик калдыктарын утилдештирүү менен алектенген катарлык «MRM PORT TRADING» компаниясынын өкүлү менен жолукту.
Мэриянын маалыматына караганда, жыйында аталган компаниянын өкүлү калаанын таштанды полигонунда таштанды калдыктарын утилдештирүү боюнча долбоор менен тааныштырды.
Долбоордо компания таштандыларды кайра иштетүүчү 30 кичи комплекстерди полигондун аймагына орнотууга даяр экендиги белгилүү болду. Келечекте таштандыларды кайра иштетүүдө электр энергиясы, жер семирткич алынат.
Борбор калаанын мэри кызматташууга даяр экенин билдирип, аталган компаниянын өкүлдөрүнөн долбоорду ишке ашыруу боюнча конкреттүү сунуштарды берүүнү суранды.
Рубрики: Жаңылыктар, Коом