Окуучунун өлүмү боюнча «Ала-Тоо» аквапаркына кылмыш иши козголду

Окуучунун өлүмү боюнча «Ала-Тоо» аквапаркына кылмыш иши козголду

“Ала-Тоо” аквапаркына карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Бишкек шаарынын вице-мэри Виктория Мозгачева бүгүн, 10-июнда шаардык кеңештин депутатынын суроосуна жооп берип жатып билдирди.

Депутат Гүлназ Халилова “Ала-Тоо” аквапаркы тарабынан тиешелүү өлчөмдө куткаруучулар тартылганбы? деген суроо узатты. Өз кезегинде вице-мэр: “Куткаруучулар регламентке ылайык болушу керек эле. Бул иш боюнча аквапаркка карата кылмыш иши козголду. Укук коргоо органдары иш алып барууда. Ошондой эле уюштуруу иштерин жүргүзгөн адамга карата да кылмыш козголушу мүмкүн”, — деп жооп берди.

Буга чейин аквапаркта чөгүп кеткен баланын апасы окуя боюнча түшүндүрмө берген. Бишкек шаардык мэриясы бул окуяга тиешеси бар делген 6 мугалим, башталгыч мектептин завучу иштен бошотулганын билдирген. Учурда милиция териштирүү иштерин улантууда.

Бардык жаңылыктар Телеграм каналда
Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , КООМ
Тэги: Аквапарк

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>