Бишкекте милиция кызматкерлери Ош базарында чөнтөк уурулук кылган аялды кармашты. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«Жабырлануучу арыз менен кайрылып, 11-июнь күнү базардан балдар коляскасынын чөнтөгүнөн бирөөлөр Самсунг 02С үлгүсүндөгү 12 000 сомдук уюлдук телефондорун жана 14 000 сомдук Самсунг 02 үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун уурдап кеткендигин айткан», — деп айтылат милициянын маалыматында.
Ыкчам кызматкерлер 22 жаштагы шектүүнүн өздүгүн аныктай алышкан. Кармалган адам Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө иштери уланууда.