А.Жапаров бийлик инвесторлор үчүн шарт түзүүгө даяр экенин айтты

А.Жапаров бийлик инвесторлор үчүн шарт түзүүгө даяр экенин айтты

Министрлер Кабинетинин Төрагасы Акылбек Жапаров россиялык компаниялардын Эл аралык көп тармактуу ишкер миссиясынын Кыргызстандагы ачылышында сөз сүйлөдү.

Өкмөттүн басма сөз кызматы маалымдагандай, Министрлер Кабинетинин башчысы Министрлер Кабинетинин ишиндеги артыкчылыктуу багыттарды – либералдык салык мыйзамы, жумшак валюталык жөнгө салуу, инвестицияларды коргоого багытталган күч-аракеттер экендигитн белгилеп, инвесторлорду кызматташууга чакырды.

«Кыргызстандын президенти ишкер миссиясынын жалпы катышуучуларына салам жолдоону өтүндү. Алты жыл аралыгында Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун ишмердүүлүгү ата мекендик экономиканы өнүктүрүүгө багытталган долбоорлорду каржылоодо өз жөндөмдүүлүгүн жана натыйжалуулугун көрсөткөндүгүн белгилеп кетким келет. Анын өлкө боюнча каржылаган миңдеген долбоорлору бар. Учурда жогорку тобокелдиктерден улам коммерциялык банктардын ишмердүүлүгү чектелген тармактар жана багыттар боюнча уюмдун активдүүлүгүн күтүп жатабыз. Кеп энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагын, жеңил өнөр жай жана айыл чарбасында өндүрүш кластерлерин, соода-логистикалык инфраструктураны, маалыматтык-коммуникациялык технологияларды, фондулук рынокту өнүктүрүү жөнүндө болуп жатат», — деди ал.

Акылбек Жапаров россиялык компаниялардын ишкер миссиясы жаңы өндүрүштүк жана инвестициялык долбоорлорду ишке киргизүү келечеги менен эки өлкөнүн бизнес субъектилеринин өнөктөштүк байланышын орнотууга түрткү болоруна ишенимин билдирди.

«Кыргызстан өзүнүн стратегиялык максаты катары жаңыланган жагымдуу инвестициялык климатты калыптандырууну белгиледи, анын негизи катары гармониялуу жана либералдык мыйзамдар, жогорку социалдык жоопкерчилик жана адилеттүү сот системасы болот. Республиканын бийлиги бизнес менен диалогго жана инвесторлор өзүн кыргыз рыногунда эркин жана ыңгайлуу сезиши үчүн колдон келген күч-аракетти жумшоого даяр», — деди Жапаров.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду уюштуруп жаткан иш-чарага Россиядан 100 ашуун алдыңкы компаниялардын өкүлдөрү катышууда.

 

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>