Бишкек — Балыкчы поезди 3 жана 4-октябрда кошумча каттамдарды аткаратЛегендарлуу америкалык мушкер Рой Жонс Ош шаарына келдиКРСУда Михаил Ботвинник атындагы шахмат клубу ачылдыМээрим Жуманазарова Азия оюндарында коло медаль уттуБишкектеги транспорт: бүгүн борбор калаада эмнелер менен жүрүүгө болотКабмин НИИЖСТО жетекчилигин чечимдерди создуктурганы үчүн сынга алды
Бишкек: Ош базардан чөнтөк ууру кармалды
13.06.2022 | 17:52
Бишкекте милиция кызматкерлери Ош базарында чөнтөк уурулук кылган аялды кармашты. Бул тууралуу борбор калаанын Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
«Жабырлануучу арыз менен кайрылып, 11-июнь күнү базардан балдар коляскасынын чөнтөгүнөн бирөөлөр Самсунг 02С үлгүсүндөгү 12 000 сомдук уюлдук телефондорун жана 14 000 сомдук Самсунг 02 үлгүсүндөгү уюлдук телефондорун уурдап кеткендигин айткан», – деп айтылат милициянын маалыматында.
Ыкчам кызматкерлер 22 жаштагы шектүүнүн өздүгүн аныктай алышкан. Кармалган адам Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайына камалды. Учурда тергөө иштери уланууда.
Рубрики: Жаңылыктар, Окуялар