Ош–Баткен–Раззаков жолунун жаңыланган бөлүгү ачылдыШашылыш билдирүү! Аба ырайы кескин өзгөрөтКыргызстанда ID-паспортту кантип алууга болот? Жол-жобосуТокторбаев “Ош-Сити” компаниясынын жетекчилерин сыртка чыгарбоону сунуштады Камчыбек Ташиев үч эмдин энесине жаңы батир бердиКой-Таштагы Атамбаевдердин үйүнө адамдар келгени айтылууда
Мандатыңды тапшыр! Ш.Атазовго каршы митингге депутат өзү келди
15.06.2022 | 11:11
Бишкек шаарында бүгүн, 15-июнда Ак үйдүн алдында Жогорку Кеңештин депутаты Шайлообек Атазовго каршы тынчтык митинги өтүп жатат.
Митингчилер депутаттан мандатын тапшыруусун талап кылышууда. Акцияга жалпы 20га жакын активисттер катышууда.
Буга чейин 9-июнда Жогорку Кеңештин жыйынында Свердлов шайлоо округунан депутат Шайлообек Атазов 18-20 жаштардагы кыздарга чет өлкөгө чыгууга тыюу салууну сунуштаган.
Акциянын катышуучуларына депутат Ш.Атазов элечек кийген аялдардын катышуусунда чыгып, көтөргөн демилгесинин себебин түшүндүрүүдө.