Бишкекте 5 айда 1300дөн ашык мас айдоочу кармалды

16.06.2022 | 13:01

Бишкекте жыл башынан бери 1 миң 300дөн ашык мас абалында унаа башкарган айдоочулар кармалды. Бул тууралуу Бишкек ШИИББинин Патрулдук милиция башкармалыгынан билдиришти.

Алсак, 2022-жылдын 5 айынын жыйынтыгы боюнча Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын башчысы Алмазбек Исаковдун, ошондой эле бөлүмдөрдүн жетекчилеринин жана роталардын командирлеринин катышуусунда ЖКККББда ыкчам кеңешме болуп өттү.

Жалпысынан 5 айда жол эрежесин бузгандыгы үчүн 142 миң 777 эреже бузуу протоколу түзүлгөн.

Алардан:

– транспорт каражатын мас абалында айдагандыгы үчүн – 1320;

– Айдоочулук күбөлүгү жок транспорт каражатын башкаруу – 907;

– автобейбаштык – 25;

– алдыңкы капталдары жана алдыңкы айнектери караңгылатылган транспорт каражатын башкаруу үчүн – 373;

– Жөө жүргүнчүлөрдүн жана велосипедчендердин катышуусундагы эреже бузуу – 8 миң 151;

– Токтотуу же токтотуу эрежелерин бузгандыгы үчүн – 77 миң 112;

– Жалган мамлекеттик номур тагылган унааларды башкаруу – 34;

– мотоциклдин каскасын же коопсуздук курун колдонуу эрежелерин бузгандыгы үчүн – 36 миң 510;

– башка укук бузуулар – 18 миң 345;

– Жол эрежесин бузгандыгы үчүн 10 миң 436 унаа атайын айып пул төлөөчү жайга коюлган.

Натыйжада түзүлгөн протоколдорго ылайык, 2022-жылдын 5 айында мамлекеттик бюджетке 62 миллион 74 миң 790 сом түшкөн.

Scroll to Top