Кыргызстандын атынан күрөш боюнча Азия чемпионатына 60 спортчу катышат

Кыргызстандын атынан күрөш боюнча Азия чемпионатына 60 спортчу катышат

17 жаштан ашпаган жана 23 жаштан улуу эмес катышуучулар арасындагы күрөш боюнча Азия чемпионатында Кыргызстандын намысын 60 спортчу коргойт. Бул тууралуу спорттун бул түрү боюнча федерациянын президенти Мелис Турганбаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, өлкө үчүн Мээрим жана Сезим Жуманазаровдор, Айпери Медет кызы, Калмира Билимбек кызы, Нурмухамед Абдуллаев, Жумашбек уулу Тайырбек, Акылбек Талантбеков жана башкалар сыяктуу Азия жана дүйнөлүк чемпионаттардын жеңүүчүлөрү, белгилүү балбандар күч сынашат.

Белгилей кетсек, чемпионатты 21 өлкөнүн спортчулары күтүүдө. Турнирлерге Кытай менен Таиланддан келген балбандар уча алган жок.

19-26-июнь күндөрү шаардык муз аянтчасынын аренасында 17 жана 23 жашка чейинкилер арасында Азия чемпионаты өтөт

Рубрики: ЖАҢЫЛЫКТАР , СПОРТ

Поделиться в социальных сетях:

Тема боюнча жаңылыктар

Бардык жаңылыктар >>